Өлкөдөгү абактарда соттолгондор арасында гиря көтөрүү боюнча мелдеш болуп өттү

Өлкөдөгү абактарда соттолгондор арасында гиря көтөрүү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Турнир БУУнун колдоосу менен онлайн режиминде өткөрүлгөн.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 27-июлда маалымдалгандай, мелдешке 90 килограммга чейинки салмакта 10 команда катышкан. Анда алар 16 килограмм салмактагы гиряны жулкуп көтөрүшү керек болгон.

Мелдештин жыйынтыгында, жазасын өтөп жаткан А.Шерманбетов гиряны 120 жолу көтөрүп, жеңүүчү аталса, В.Котеловский экинчи орунду багындырган. Ал эми үчүнчү орунду Ч Шүкүралы уулу жеңил алган.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга сыйлыктар тапшырылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан