Бишкектин Ленин району Бааль Каралина Александровна аттуу 17 жаштагы кызды издеп жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-июль күнү РИИБге шаар тургуну арыз менен кайрылып, 17 жаштагы кызы 17-июль күнү саат 00:00 чамасында Сыдыгалиев көчөсүндө иштеген жеринен чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Учурда кыздын жүргөн жери аныкталбагандыктан милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү көк, чачы сары узун. Курсагында операциядан калган так бар.
Кийген кийимдери: Көк кофта, көк түстөгү жынсы, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Байланыш телефону: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана 102.