
Ош шаарында 30-июлдан тарта 1 килограмм эт 480 сомго чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 27-июлда эттин баалары боюнча мэриянын жумушчу жыйыны өттү. Анда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин аймактагы өкүлү, фитосанитардык жана ветеринардык мамлекеттик инспекциянын жетекчиси, салык кызматынын жетекчилиги жана эт, мал сатуучулар катышты.
"Сиздерди чогулуп эттин баасынын абалын талкуулоого жана шаардагы бирдиктүү бааны бекитүүгө чакырдык. Акыркы 3 айда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү. Буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу мэрияга эттин баасын жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылышууда", - деди Замир Юсупов.
Иш-чаранын жүрүшүндө монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин өкүлү шаарда эттин баасы негизсиз кымбат экендигин айтты. Тагыраагы, агенттик тарабынан бир мал союлуп, анын жүрүшүндө эттин чыныгы баасы аныкталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эттин баасын 480 сомго чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынды.