Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги батирде 85 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Куткаруучулар Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1936-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.