Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы жигитти соруп, анын каза болгону маалымдалган.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлашты. "Каза болгон жигиттин сөөгү өлүкканада, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 27-июлда "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип баланын жансыз денесин алып чыгышкан.