Ысык-Көлдө электр жабдыктары сакталган кампа өрттөндү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында электр жабдыктары сакталган кампа өрттөндү. Өрт кырсыгы 27-июлда катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, ​27-июль күнү саат 19:00 чамасында Балыкчы шаарындагы кампа күйүп жатат деген маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.
"Өрт саат 19:12де чектөөгө алынып, саат 19:29да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан кампанын ичиндеги электр жабдыктары толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан