Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды. Ал Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгон
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков бүгүн, 28-июлда 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.
1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Үсөн Сыдыковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.