Биз социалдык тармакта

Жол кырсыгынан жабыркаган Самара Каримова: "Анализдердин жыйынтыгы эртең чыгат"


Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуровдун бүгүнкү күнгө карата абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу ырчы менен кабарлашканыбызда маалым болду.

Учурда алар Ош шаардык ооруканасында тиешелүү медициналык жардамдарды алышууда.

"Бүгүн компьютердик томография, магниттик-резонанстуу томографияга түшүп келдик. Буюрса, анализдердин жыйынтыгы эртең чыгат. Жакшыбыз", - деди ырчы.

Окуянын чоо-жайы:

26-июлда ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон. Эртеси бул жол кырсыгына кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү болгону, алар Оштон Бишкек шаарына келе жатканы маалым болду.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришип, анда 3 жабырлануучу ооруканада жатканын, абалдары туруктуу дешкен.

Кийинчерээк Самара Каримова автокырсык боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-07-28 14:56:58
Дагы эмне кылат экен,саат сайын жазып тургула зээригип кетпейли?
+8
Beka1986
2021-07-28 17:00:19
Билбесенер уят болот,билип алгыла эл журт))),тынбай жазып тургула,богунун түсүнөн бери)))
+2
Aimani
2021-07-28 19:12:54
Моча тапшырат бекен?же калбы? Отто кызык да бизге.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан