Режеп Тайип Эрдогандын селден жабыркаган элге чай ыргытканы талкуу жаратты

Социалдык тармактарга Түркиянын президентти Режеп Тайип Эрдогандын селден жабыркаган элге автобустун үстүндө туруп чай ыргытып жаткан видеосу жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусунда калды.

Айрым түрк басылмалары да өлкө башчысынын бул аракетин сынга алып, суу ташкынынан жабыркаган элге чай зарыл эмес экендигин жазып чыгышкан.

Интернет колдонуучулары "Ризеде үйүн сел алган мекендешибизге бир эле чай жетишпей жатты эле, Кудай ыраазы болсун!", "Муну атайын кылып жатат", "Жадакалса итке да минтип сөөк ыргытпайт", "Чайдын мекени болгон жерде селден жабыркаган элди чогултуп алып чай таркатуу кантип болсун?", "Ризеде сел кетти, ылай калды, президент болсо баягы", "Ишенгим келбейт, итке сөөк ыргыткандай" деген сыяктуу какшык аралаш бир топ пикирлерди калтырышкан.

Белгилей кетсек, 22-июлда Түркиянын түндүк-чыгышында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир топ айылдарга залакасын тийгизген.

Селден жабыркаган элге чай ыргыткан Эрдоган талкуу чордонунда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kanat.tls
2021-07-28 16:08:07
Бул кишинин доору бутот окшойт жакында
+2
ayzhan12
2021-07-28 17:10:28
Өлкө башчылары ар кандай ырым-жырымдарды жасап жатканы туура эмес. Президент деген чыныгы социалдык, саясий, экономикалык иштерди көтөрүп чыгып аларды чечиш керек. Ар кандай ырым-жырымдар менен элди алдай берген болбойт.
+1
Real98
2021-07-28 18:23:46
Ошол чайды алгандар да көк мээ! Ойлонбойбу кичине,кандай акыбалда болуп атам деп. Итке сөөк ыргыткандай болуптур чынында.
+1
Gulina90
2021-07-28 20:09:00
Чай ыргытса,Элдер Таш ыргытпайбы,олор кой койчунун таягына суйконот болбой,кетерине аз калганго.
+1
abdykapar
2021-07-28 21:05:22
А балким чай пакеттин ичинде толо акча бардыр. Жакшы кумон кылсак туура болчудай.
0
Ala.too.456
2021-07-29 08:04:39
А биздин чондор журот. Кай жака барбасын, бизге эч нерсе бербеседа, жалдырап атып бир нерсесин которуп келет. Короче суранып эле журо берет....
0
emirchik
2021-07-29 10:59:10
Таш менен ыргыта койбоптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан