Бостеридеги аквапаркта каза болуп калган 18 жаштагы баланын окуясын жергиликтүү бийлик өз көзөмөлүнө алды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы пансионаттардын биринде 18 жаштагы баланын өлүмү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоевдин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-июлда катталган каргашалуу окуя боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү базасына катталып, этиятсыздыктан киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Буга чейин аталган пансионаттагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жыйынтыгында бала каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан