Бишкекте 30-июлдан баштап беш көчө оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Шабдан баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып Миң-Булак көчөсүнө чейинки 350 метрлик бөлүгүндө башталат. Айдоочулар бул бөлүктү Сатыбалдиев көчөсү аркылуу айланып өтсө болот.
Ошондой эле Турусбеков көчөсү Боталиев көчөсүнөн тартып Ташкентский көчөсүнө чейинки узундугу 1200 метр болгон бөлүгү оңдолот. Курулуш маалында Манас кең көчөсү менен Махатма Ганди көчөсү альтернативдик көчөлөр болуп саналат.
"Узундугу 846 метр болгон Тимур Фрунзе көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин дагы жаңылануу күтүп жатат. Айдоо үчүн альтернативдүү көчөлөр - Соң-Көл жана Казиев көчөлөрү. Ал эми Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин оңдолот. Репин көчөсү альтернативдүү жолго айланат.
Реконструкциядан кийин оңдолуучу көчөлөрдө жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрден 9 метрге чейин болот, тротуарлар жана эки тарапка ирригациялык тармак курулат. Элебаев көчөсүндө унаа токтотуучу жай каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин борбор калаанын 9 көчөсүндө жол куруу иштери аяктап, 29 көчөдө жумуш жүрүп жатат.