Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан машыгуулардын комплексин өткөрөт

Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан машыгуулардын комплексин өткөрөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, мындай машыгуулар Ооганстандан америкалык аскерлердин жана НАТО контингенттеринин аскерлери чыгарып кетишиндеги коркунучтарга байланыштуу.

"Жалпысынан биздин кызматташтык жөнүндө айта турган болсок, ал бир топ ийгиликтүү өнүгүп жатат. Биз келип чыккан коркунучтарга байланыштуу Тажикстан менен машыгуулардын ири комплексин өткөрүп жатабыз.

Алдыда өзбек кесиптештерибиз менен машыгуулар, андан кийин үч тараптын биргелешкен - Орусия, Өзбекстан, Тажикстан машыгуулары орун алат. Аларды график боюнча жана күтүлгөн натыйжа менен өткөрөбүз деп ишенем", - деген Шойгу Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугушууда.

Эске салсак, буга чейин Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

Буга чейин "Талибан" кыймылы менен Ооган өкмөтүнүн ортосундагы тирешүүдөн 50 миң мамлекеттик кызматкер жумушсуз калып, жалпы 112 долбоор жаңжалдан улам токтоп калган. Ошол эле учурда жаңжалдан улам жалпы 13 миллиондой Ооганстан жарандары жумушсуз калганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-07-28 20:10:53
Ажап болуптур откоро бергиле,бироолордун сасыгы жугуп калбасын этият болгула.
-2
Real98
2021-07-28 21:28:38
Кийинки оюнду Таджикистанда ойношот окшойт АКШ менен Орусия...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан