Сот БШКнын "Биздин Кыргызстан" партиясына карата чечимин жокко чыгарды

Бүгүн Бишкек административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаардык кеңешине болгон кайталап шайлоонун жыйынтыгында "Биздин Кыргызстан" партиясын тизмеден четтетүү чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Кайрат Маматовдун айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзам чегинде кабыл алынган. БШК Административдик соттун чечимин алгандан кийин Жогорку Сотко кайрыларын кошумчалады.

Буга чейин БШК Ош шаардык кеңешине кайталап шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап партияны тизмеден чыгарган. БШК бул партияны четтетүү чечимин партиядагы талапкерлер добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешине депутаттарды кайталап шайлоонун жыйынтыгында "Биздин Кыргызстан" партиясы 15 мандатка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adilbars
2021-07-28 17:26:32
Быйыл бүтпөйт эми соттук териштирүүлөр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан