Бостериде түтүк соруп кеткен жигиттин өлүмү боюнча эки берене менен тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы пансионаттардын бириндеги 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча эки берене менен сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя боюнча тергөө иштери 135-берене ("этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") жана 282-берененин ("керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу") негизинде жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 27-июлда "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан каза болгон жигиттин сөөгү өлүкканада экенин, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын кабарлашты.

Ал эми президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев окуянын тергелишин жеке көзөмөлүнө алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Egizderim-baktim
2021-07-28 16:42:52
Мин жолу жеке козомолго алышсын тергоо болсун бирок бир жап жаш баланы кайтара албайсынар да. Буга чейин баарын карап анан иштетиш керек болчу да, адамдардын омуруно риск кылбай. Жаткан жери жаннаттан болсун Кудайым рахматына алсын, жакындарына сабыр берсин Аллахым
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан