"Элиза үй буюмдарынын" чуусу: MegaCom компаниясынан түшүндүрмө

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлору өз ишинин алкагында абоненттерден уюлдук байланыш кызматтары үчүн акча каражаттарынын келип түшүүсүн көзөмөлдөп жана эсепке алып турушат.

MegaCom компаниясы абоненттик номерлерге акча каражаттарын которуу / толтуруу боюнча стандарттуу эмес финансылык операциялар болгон учурда өз абоненттеринин кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуу максатында тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен туруктуу негизде байланышып турат.

Учурда укук коргоо органдары байланыш кызматтары үчүн акы төлөө эсептерине мүнөздүү болбогон жеке эсептердеги акча каражаттарынын пайда болуу жагдайларын иликтөөдө. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары Б.Э. жана М.О. аттуу жарандар кармалып, учурда алар сурак берүүдө. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталган.

"Элиза үй буюмдары" деп аталган каржы пирамидасы менен MegaCom уюлдук операторунун байланышы жок, аталган топтун негиздөөчүлөрү уюлдук оператордун номерлери менен гана пайдаланышкан. Бул жерде уюлдук операторго күнөө коюу негизсиз. Ооба, оюнга катышкандар топту түзгөн адамдардын телефон номерлерине баланс катары каражат салышкан, номерлер ошол уюштуруучуларга катталуу, демек баланстагы каражат номер кимге таандык болсо ошол адамдыкы болуп эсептелет. Кийин ал каражат ээлерине кандай жол менен кайтарылат ал тергөө иши аяктаганда гана белгилүү болот. Ошондуктан оюнга катышкан адамдар баланска салган каражатын уюлдук оператордон эмес, кимдин балансын толуктаган болсо ошол адамдан сураса туура болот", - деп билдиришти MegaCom компаниясынын басма сөз кызматынан.

Свердлов РИИБи жабыркаган жарандарды шектүү катары кармалган Б.Э. жана М.О.нун балансына акча салгандыгын тастыктаган чек жана башка документтер менен кайрылууну өтүнөт.

Өз кезегинде MegaCom абоненттеринин каржылык коопсуздугуна ар дайым кам көрөт жана жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын иш-аракеттеринен жапа чеккен жарандардын каражаттарын укук коргоо органдарынын же соттун чечими менен кайтарып берүүгө көмөктөшүүгө даяр.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан