“Өмүрлөшүм” аттуу рубрикабыздын кезектеги коноктору орошон таланттар, турмушта да, чыгармачылыкта да коомго ар тараптуу үлгү болуп келе жаткан жубайлар Ишен Календеров менен Гүлзат Байзакова болуп, 35 жылдык үй-бүлөлүк турмушундагы кызыктуу учурлары, топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп, маек куруп беришти.
Таланттуу жубайлар жакында эле экинчи уулун үйлөндүрүп келиндүү болушкан. "Гүлзат жумшак кайнене болду" деген Ишен Календеров төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Гүлзатты мен келиндерине катуу болсо керек деп ойлочумун. Себеби сиңдилерин, карындаштарымды катуу кармачу. Кийин эле келин алганда келинине аябай жумшак болду, азыр эки келинибиз бар эмеспи. Келиндерибиз дагы жакшы, чыгармачыл адамдар", - дейт Календеров.