реклама
super.kg logo

"Манас" эл аралык аэропорту 2021-жылдын 6 ай аралыгында 1,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи

 
"Манас" Эл аралык аэропорту 2021 жылдын 6 ай аралыгында 1,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын 509 миң 806 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам - 1 миллион 50 миң 561.
Ошондой эле бул аралыкта 13 миң 840 каттам ишке ашырылды. Алардын 9 миң 701 – эл аралык, 4 миң 139 – ички каттам.
«Манас» аэропорту 7 миң 353 каттамды тейледи. Алардын 2 миң 50 – ички, 5 миң 303 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 824 миң 405 кишини түздү. Алардын 254 миң 973 – ички, 569 миң 432 – эл аралык.
«Ысык-Көл» аэропорту 284 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 268 - эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 25 миң 794 кишини түздү. Алардын 890 – ички, 24 миң 904 – эл аралык багытта.
Ош филиалы 6 миң 203 каттамды тейледи. Алардын 2 миң 73 – ички, 4 миң 130 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 710 миң 168 кишини түздү. Алардын 253 миң 943 – ички, 456 миң 225 – эл аралык багытка туура келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.07.2021. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
22-11-2020
Соӊку аракети:
10-09-2021 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң жогорку кирешени тааптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176632;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: