23-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунда Лексус унаасы өлтүрө сүзгөн жарандын аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу олбустук милициядан билдиришти.
Мындан улам милиция коомчулуктан жардам сурайт.
Маркумдун жашы болжол менен 25-30 чамасында. Орто дене түзүлүштө. Бою болжол менен 170 сантиметр, чачы кара.
Кийген кийимдери: Ак футболка, кара шым.
Кимде-ким маркум жөнүндө маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0701 61 69 07, 0707 73 75 73.