Чүйдүн Аламүдүн районунда 6 жашар балага ыплас иш-аракет жасаганга шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, РИИБге 1995-жылы туулган жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, бейтааныш адам анын 2015-жылы туулган баласына карата балдар ойноочу аянтчанын жанынан ыплас аракеттерди жасалганын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ыплас аракеттер" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн баш коргоо чарасын райондук сот карап чыгып, 2 айга камакка алган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.