“Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” тасмасы Польшанын “Спутник” кинофестивалына чакыруу алды
Режиссёр Эрнест Абдыжапаров 30-октябрда Данияр Абдыкеримовдун “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” аттуу
тасмасы Польшанын “Спутник” аттуу 7-кинофестивалына чакыруу алганын билдирди.
Кинофестиваль 7-ноябрдан 17-ноябрга чейин өткөрүлөт. Режиссёрдун айтымында, аталган
тасманы Анапада өткөн орусиялык “Киношок” фестивалында байкашкан. “22- эл аралык “Киношок”
фестивалында кыргыз тасмалары ийгилик жаратканы баарыбызга белгилүү.
Фестивалдын уюштуруучулары көрсөтүлгөн кыргыз кинолорунун арасында “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга
болот?” тасмасын жактырып, орусиялык мыкты тасмалардын катарында “Спутник”
кинофестивалына чакырышты. Фестивалдын алкагында Польшанын шаарларында биринчи
жолу кыргыз киносу көрсөтүлөт”,- деди Абдыжапаров. Жаш режиссёр Данияр
Абдыкеримов Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүсү жана “Ысык-Көл
бешбармагы”, “Кыялкечтер”, “Сүйөм дечи” тасмаларынын продюсери. Анын “Гу Чжун Пёго
кантип турмушка чыгууга болот?”, “Кызыл көйнөкчөн” тасмалары чет өлкөлөрдүн кыргыз
кинематографиясына болгон кызыгуусун жаратып келет.