Биз социалдык тармакта

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал республиканын бардык аймагын камтыйт:

Анда 7 облус, 2 республикалык маанидеги шаар, 15 облустук жана райондук маанидеги шаар, 73 калктуу конуш болмокчу.

"Долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 пунктту (266 стационардык жана 40 көчмө) аппараттык-программалык комплекстер менен камтуу мерчемделүүдө. Долбоор Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында башталган. 2019-жылы “Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” кытайлык ишкана жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond
2021-07-29 06:16:42
Кыргыздар өзүбүз кылсак бирөө жаныбызды алабы.
+5
Ala.too.456
2021-07-29 07:52:19
Ээч суйунгон жокмун...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан