Кечээ, 28-июль күнү саат 23:08де Баткен облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Достук айылынан 6 чакырым түштүк-чыгыш, Көчө-Карын айылынан 9 чакырым түндүк-чыгыш, Баткен шаарынан 13 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү - Достук, Көчө-Карын айылдарында жана Баткен шаарында 3 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.