Алматы шаарында орусиялык популярдуу блогер Гусейн Гасановдун катышуусундагы кечеден кийин текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Алматынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Алматы шаары "кызыл зонада" жайгашкан. Эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Уюмдардын жана мекемелердин ишине киргизилген чектөөлөр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынат жана ар бир адам аларды так сакташы керек. Популярдуу орусиялык блогер Гусейн Гасановдун катышуусундагы кечеге байланыштуу департамент тиешелүү текшерүү жүргүзүүдө. Жыйынтыгында аталган адамдар жана иш-чаранын уюштуруучулары жоопкерчиликке тартылсын деген чечим кабыл алынат", - деп билдирген шаардын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
Гусейн Гасанов орусиялык популярдуу блогерлердин бири. Анын Инстаграм баракчасында 17 миллиондон ашуун катталуучусу бар.