“Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын экс-директору Замирбек Үсөнбаевди колдогон адамдар аны коргоо комитетин түзүп алып, филармонияда ызы-чуу салып жатышат, бул, албетте, жагымсыз нерсе”, - деген пикирин билдирди филармониянын кызматкери, КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева бүгүн, 30-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
“Коргоо комитетин түзгөндөр Үсөнбаевдин кызматтан бошотулушу жөнүндө элге туура эмес маалымат таратып жатышат. Алардын бизге тиешеси жок. Улуттук филармония мамлекеттики, демек, өкмөттүн буйругун аткаруу милдет”, - деп кошумчалайт белгилүү ырчы.