Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында мал сарай 300 түк чөбү менен кошо өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Базар-Коргон шаарындагы Мырзалиев көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 50 чарчы метр болгон мал сарайдын чатыры жана 300 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бригада тартылып, өрт саат 06:13дө курчоого алынып, саат 06:55те толугу менен өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.