ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Бүткүл дүйнөлүк жолборстор күнү

Бүгүн, 29-июль - Бүткүл дүйнөлүк жолборстор күнү. Бул майрам 2010-жылы Санкт-Петербургдагы жолборстордун тукумун сактап калууга арналган эл аралык форумда негизделген. Аталган форумга жолборстор байырлаган 13 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле жолборстордун бардык түрүн калыбына келтирүү жөнүндө глобалдуу программа иштелип чыккан.

Мышыктар түркүмүнө кирген бул жаныбардын дүйнө жүзүндө 9 түрү белгилүү. Алардын ичинен Ява, Бали жана Каспий жолборсторунун тукуму толугу менен жок болгон. Ал эми Малай, Амур, Бенгал, Суматра, Түштүк Кытай жана Индокитай жолборстору бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганы менен жоголуу алдында турат.

Белгилей кетсек, 2010-жылга карата дүйнөдө жашап жаткан жолборстордун жалпы саны 3200 экендиги айтылган. Ал эми 2016-жылы "Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду" аталган сан 3890го чейин өскөнүн билдирген.

Аталган жырткыч жаныбарлар жалпысынан Алыскы Чыгышта, Орусияда, Кытайда, Борбордук жана түштүк-чыгыш Азияда жана Индиянын аймактарында таралган.

Алардын тукумуна кооптуулук жаратып жаткан нерсе жолборстордун "кара базарда" кымбат бааланганы жана бул себептен мергенчилердин торуна түшүп жатканы экендиги маалым.

29-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан