30 миң сом пара алып жаткан жеринен Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
"Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары Т.К.Р. оң чечим кабыл алуу жана ишкердикти баштоого уруксат берүү үчүн жарандан 50 миң сом өлчөмүндө опузалап акча талап кылган", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Ички иштер башкармалыгынын Талас облусу боюнча бөлүмүнө камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.