Украинанын Ивано-Франковск аймагында жеңил кыймылдаткычтуу спорттук учак турак үйдүн үстүнө кулап, экипаждагы 4 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза тапкандардын бирөө учкуч, ал эми калган үч адам чет элдик жарандар болгон. Учак Шепаривтси айылындагы үйлөрдүн биринин үстүнө кулаган. Аймактагы куткаруучулар кызматы үй өрттөнүп жатканда окуя болгон жерге барышкан. Азырынча экипаж мүчөлөрүнөн башка каза тапкан же жаракат алган жарандар жок.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтене баштаганы белгилүү болду.