Бүгүн, 29-июлда Сокулук районунун дыйкандары сугат суунун жетиштигинен улам кайрадан митингге чыгышты.
Митингге болжол менен 200дөй адам чыгып, алар "Манас" аэропортуна жакын Ак-Жол айылына жакын жерге чогулушкан. Алар сугат суунун тартыштыгы жаралып жатканын айтып, нааразы болушууда.
14-июнда сугат суунун тартыштыгынан улам Чүй облусунун дыйкандары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялаган.