Биз социалдык тармакта

Каракол шаарында көлгө чөгүп жаткан жаранды милиция кызматкери куткарып калды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көлгө чөгүп жаткан жаранды милиция кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Каракол-Пристань шаарчасындагы көл жээгинде коомдук тартипти сактоо боюнча кызматкерлер кызмат өтөп жаткан. Ошол мезгилде эс алып жатышкан 14 жаштагы өспүрүм теңтуштары менен көлдүн кичинекей аймагын сүзүп өтүүнү чечишкен. Бир нече жолу чабак уруп, жээктен бир аз алыстаганда эле чөгө баштаган. Анын карындашы элди жардамга чакыра баштаган.

Милиция кызматкери, көлдүн жээгинде чогулган адамдар көрүп, адамдын өмүрүн сактап калууга аракет көрүшкөн. Алар баланы көл жээгине алып чыгышып, биринчи жардамды көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ErkinOkenovich
2021-07-29 16:01:24
Аллахым ыраазы болсун!
+1
Rifle_I
2021-07-29 19:38:40
Оххх. Позитив кабар окудум Кыргызстандар.
+2
surgeon777
2021-07-30 10:42:31
Жакшы жанылык!
Алла раазы болсун,азамат экен милиционер,ал болбосо бу баланын ата-энеси боздоп отурмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан