Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда бир сутка ичинде 26 мас айдоочу кармалып, 455 миң сомдук айып пул салынды

Жалал-Абад облусунда "Тартип" аталыштагы рейддик иш-чара башталып, бир сутка ичинде 26 мас айдоочу кармалып, 455 миң сомдук айып пул салынды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста 28-июлдан 1-августка чейин "Тартип" аталыштагы рейддик иш-чара башталат.

"Аталган иш-чарада жол кыймылынын жана атайын мобилдик экипаждар түнкү мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барат.

28-июль күнү сутка аралыгында жалпы облус аймагында 320 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталып, анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан