Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону, бишкектик "Дордой" футболдук клубу 22 жаштагы ганалык Эммануэль Арма аттуу чабуулчу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайты кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, клуб менен футболчу ушул сезондун аягына чейин келишим түзгөн. Клубда чабуулчу 20-номер менен ойнойт.
"Биз Эммануэлге алдыдагы оюндарына ийгилик каалайбыз, кош келдиң!", - деп жазылат клубдун расмий сайтында.
Мындан тышкары, "Дордой" клубунда 10 жылдан бери ойноп келген Мустафа Юсупов Оштун "Алай" командасына өттү.