Жо Байден Беларусь өлкөсүнүн оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен жолугушту

АКШ президенти Жо Байден Беларусь өлкөсүнүн оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен жолугушту. Бул тууралуу америкалык лидердин социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 28-июлда эртең менен Ак Үйдө өткөн. "Светлана Тихановская менен жолугушуу мен үчүн сыймык болду" деп жазган Байден. Ал белгилегендей, Америка Кошмо Штаттары демократия жана жалпы адам укуктары үчүн Беларусь элин колдойт.

Тихановская өз кезегинде, Американын президентине "эркиндиги үчүн тынчтык менен күрөшүп жаткан миллиондогон тайманбас беларустуктар менен тилектештиктин күчтүү белгиси" үчүн ыраазычылык билдирген.

Президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого башкы атаандаш болгон Светлана Тихановская Беларусь өлкөсүнүн аймагынан 2020-жылы чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан