Октябрь районунун акими болуп Мирлан Эшкожоев дайындалды

Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна жаңы башчы болуп Мирлан Эшкожоев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.

"Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбеков райондук администрациянын жамаатына жаңы акимди тааныштырды. Мирлан Эшкожоев буга чейин Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men_ele
2021-07-29 17:03:36
Кадровая чехарда. Бирин алып, бирин коймой. Качан туруктуулук болоор экен бизде...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан