Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүндөгү Сауд Арабия королдугунун элчисин кабыл алды

Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүндөгү Сауд Арабия королдугунун элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов дипломатиялык миссиянын жетекчисин кызматка дайындалышы менен куттуктады. Жолугушуу алкагында өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

"Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Арабия королдугу менен мындан ары карай эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Олуттуу басым соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга, ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жасалган", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсү менен Сауд Арабиясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-сауд комитетинин кезектеги үчүнчү жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан