"Жарым миллион кишинин бирөөсүндө кездешет". Израилде боюнда бар ымыркай төрөлдү

Израилде боюнда бар, тагыраагы ич көңдөйүнө түйүлдүк байланып калган ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, дарыгерлер мындай учур жарым миллион кишинин бирөөсүндө кездешерин айтышкан.

"Жаңы төрөлгөн баланын ичи бир башкача чоңоюп турганын байкаган ак халатчандар ультра үндүү изилдөө жүргүзүп, андан кийин шашылыш түрдө операция жасалып, түйүлдүктү алышкан. Дарыгерлердин айтымында, патологияга эгиздердин жатынындагы туура эмес өрчүшү себеп болушу мүмкүн. Анда түйүлдүктөрдүн бири экинчисинин денесине жабышып калып, өсүүсүн уланта берет", - деп жазылган макалада.

Учурда эне-баланын абалы жакшы, наристе операцияны жеңил көтөргөнү айтылат. Алар ооруканадан үйүнө чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kudi
2021-07-29 19:01:07
Кийин чоңойгондо төрөйбү эми
0
zhaynak
2021-07-29 19:22:13
Kudi,жок торобойт. Операция жолу менен алып коёт. Мындай окуя 1999-жылы Индиянын Нагпуре деген шаарында болгон. Анда 36 жаштагы Санджу Бхагат деген кишинин ич кундон кунго чоноё берген. Акыры оруканага кайрылганда, врачтар опухоль бар деп ойлошкон. Операция кылганда Бхагаттын ичинен анын эгизинин чачтары, колу жана буттары, осуп жаткан сооктор алып чыгарылган. Тырмактары осуп калганын байкашкан. Маалыматты 2007-жылы гезиттен окуганмын, эгер адашпасам ушундай окуя болгон.
+7
aikaademi
2021-07-29 19:52:13
zhaynak,kudi эгер ымыоркай кыз болсо чоңойгондо төрөй алабы, эне боло алабы деп сурады окшойт
+3
Tursunbaev1978
2021-07-30 09:51:19
zhaynak,эс тутум күчтүүго
0
TIMON_BERKOWITZ
2021-07-29 20:07:36
Атасы бир ок менен эки коен аткан окшойт))
-9
Janym_ata_enem
2021-07-29 21:15:25
Небериси менен кошо торолупурда
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан