Чүй облусунун Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Аламүдүн РИИБине 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
"Анда 27-июль күнү айдоочунун унаасына Бишкек шаарындагы "Ош базарынан" кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. Болжол менен саат 21:00 чамасында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, аны муунтуп, дагы бири автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган. Айдоочу бейтааныш балдардын колунан качып, унаасындагы бычакка жетип, өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда балдар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жарандар кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти мекемеден.
Кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты маалымат кызматынан.