Ооганстанда паспорт алууну каалагандардын узун кезеги жаралды. Дээрлик баары чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалагандар

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы паспорт берүүчү мекемелерде паспорт алууну каалаган карапайым жарандардын узун кезек күтүүсү жаралууда. Кезек күткөндөрдүн дээрлик бардыгы документ алып чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалагандар. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кабулдагы тургундар акыркы эки айдан бери басылбай жаткан талибдердин чабуулдарынан улам Ооганстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылышууда.

Оогандагы жергиликтүү гезиттер кезек күткөндөрдүн саны күнүгө 8 миң адамга чейин жетип жатканын жазып чыкты. Ошондой эле документ алууну каалагандар бала-чакасы менен түнкү саат 2ден баштап эле катарга тизилип жатканын жана кечке чейин адамдардын аягы суюлбай жатканын кошумчалады.

"Мен паспортумду жаңылоо үчүн бул жерде турам. Чынында коопсуздугум үчүн тынчсызданып жатам. Анткени биздин өлкөдө коопсуздук темасы бир фантастика. Мен алгач Түркияга, андан соң Германияга кетүүнү көздөп жатам", - деп билдирген жергиликтүү тургундардын бири.

Ал эми дагы бир жергиликтүү жаран мекеменин астына таңкы саат 5:00дө келгенин, ал учурга карата 300дөй киши топтолуп калганын айткан. Жергиликтүү паспорт берүүчү мекемелердин бири аталган аймакта жашаган карапайым жарандардын көбүнүн документи жок экенин билдиргени айтылган.

Айрым маалыматтар боюнча январь айынан бери 250 миңдей Ооган жараны үй-жайын таштап, өлкө сыртына чыгып кеткен. Ошондой эле дүйнөдөгү жалпы Ооган качкындардын саны 3,5 миллионго чамалаганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан