Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда токой өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн саат 14:30да Жети-Өгүз районунун Липенка айылына караштуу Зелённый-Гай айылы менен Кой-Сары аскер базасынын ортосунда көл жээгинде токой күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Каракол шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, саат 16:10до чектөөгө алынып, 17:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 2 гектар жер, кургак чөп, камыш күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.