Белгилүү Гарри Поттер китебинин сейрек кездешкен нускасы 111 миң долларга сатылды

Белгилүү Гарри Поттер жана сыйкыр ташы китебинин алгачкы басылышынан калган бир нускасы Tennants аукционунда 111 миң 598 долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган китеп алгачкы ирет 1997-жылы "Bloomsbury Publishing" басмаканасы тарабынан 500 нускада басылып чыккан. Кийин ал китептердин көбү зыянга учурап, айрымдары толугу менен жок болгон. Ошондуктан бул китептердин баасы кымбатка турары да айтылат маалыматта.

Аукцион үйү китепти 30 миң фунт серлитнгге (41 миң АКШ доллары) сатууну көздөп жатышканын билдирген. Бирок аукционго келгендер китепке 80 миң фунт стерлинг беришкен.

Белгилей кетсек, Гарри Поттер романынын алгачкы басылышы автор Жоан Роулигге болуп көрбөгөндөй атак-даңк алып келген. Ошол жылдары аталган китеп 14,53 доллардан сатылган. Жалпы 500 нусканын 200гө жакыны сатылып, калганы китепканаларга таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан