Өзбекстан элди вакцина алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алды

Өзбекстандын парламенти вакцинациядан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн вице-спикери Алишер Кадыровго таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Мындан ары эч кандай олуттуу себеби жок эмделүүдөн баш тарткан кызматкерди иштен алууга уруксат берилет", - деп билдирген Кадыров.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев дагы эмдөө жараянын тездетүү зарыл экенин белгилеген. Ал вакцина алгандар деле коронавируска чалдыгышы мүмкүн экенин кошумчалап, андай бейтаптар ооруканадан төрт күндө чыгарылып жатканын, ал эми эмделбегендер катуу ооруп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umar7
2021-07-30 10:54:29
Чипируют людей
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан