Ошто жеңил унаа Гүлчө суусуна түшүп кетип эки адам каза болду

Ош облусунда жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда, тагыраагы Кызыл-Коргон айылында Тойота Ист унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен.

Жерине Алай райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек киши жана 50 жаштагы аял каза болгон. Куткаруучулар унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2021-07-30 15:19:35
Сууга тушуп кеттиби же дарыягабы?
+1
Shota
2021-07-30 16:10:25
Datka7777,
Акылдуу болочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан