
Тажикстандын жарандары Баткен облусунун эл өкүлдөрүнүн унааларына таш ыргытышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 29-июль күнү саат 20:15 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук айылы менен Тажик Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Альо айылынын чектешкен чек арага жакын аймагында, апрель айында орун алган чыр-чатак учурунда өрттөнгөн үйлөрдөн кабар алуу үчүн президенттин Баткен облусундагы курулуштарды калыбына келтирүү боюнча өкүлү, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Ак-Сай айыл аймагынын башчысы барышканда, Тажикстандын Хожа-Альо айылынын 15-20га жакын жергиликтүү тургундары эч бир себепсиз унааларына таш ыргытышкан.
Аталган жагдай Баткен РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Натыйжада Ак-Сай айыл аймагынын башчысына таандык Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаанын арткы айнеги толугу менен талкаланып, оң каптал арткы айнеги жабыркап жарака кеткен. Ошол эле күнү орун алган окуя боюнча Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасында (Төрт-Көчө) Баткен ОИИБинин жетекчилиги менен Тажик Республикасынын Исфара-2 РИИБинин жетекчилиги жолугушкан. Анда келтирилген чыгымдарды тажик тарап төлөп берилүүсү жана Тажик жарандарын жоопко тартылуусу белгиленди", - деп билдиришти облустук милициядан.