Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Кубанычбек Конгантиев шайланды. Бул тууралуу шаардык кеңештен маалымдашты.
Маалыматка караганда, ал бүгүн депутаттардын биринчи жыйынында тандалып алынды.
Буга чейин БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныган.
Шайлоодо 18 партия ат салышты.
"Эмгек" - 11 мандат;
"Ата-Журт Кыргызстан" - 9 мандат;
"Ишеним" - 8 мандат;
"Ынтымак" - 7 мандат;
"Өнүгүү-Прогресс" - 5 мандат;
"Социал-демократ" - 5 мандат.