Америкалык актриса Скарлет Йохансон "Кара жесир" кинотасмасы үчүн "Дисней" компаниясын сотко берди

Америкалык белгилүү актриса Скарлет Йохансон "Кара жесир" кинотасмасын көрүүчүлөргө онлайн көрсөткөндүгү үчүн "Дисней" компаниясын сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы актриса аталган компанияны келишимди бузду деп айыптоодо.

Актриса баш каарманын образын жараткан "Кара жесир" тасмасы пандемиядан улам кийинкиге жылдырылып жатып, ушул жылдын 9-июлунда АКШнын кинотеатрларында көрсөтүүгө чыгарылган. Ошол эле учурда "Дисней" компаниясы дагы аталган тасманы өзүнүн Дисней+ платформасы аркылуу көрүүчүлөргө сунуштаган.

Айрым булактар бул окуядан соң америкалык актриса 50 миллион долларлык жоготууга учурашы мүмкүн экендигин жазып чыгышты. Себеби актрисага кинотеатрлардын кассасындагы билеттердин сатылыша жараша сыйлыктар каралган.

Ал эми "Дисней" актрисанын мындай дооматын четке какты.

Белгилей кетсек, "Кара жесир" тасмасы ушул жылдын 9-июлунда көрсөтүүгө чыгарылып, кассадагы билеттердин сатылышы боюнча бир канча рекорддорду койгон. Ошондой эле аталган тасма 2021-жылдагы эң көп киреше алып келген 5 долбоордун катарына кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2021-07-30 15:21:55
Сатылыша, ондоп койгула
+2
ayzhan12
2021-07-30 15:31:19
Абдан мыкты актриса. Чыныгы эр жүрөк аялдын образын жарата алат. Кинолору абдан жакшы. Азамат, мыкты аял.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан