Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 30-июлда Кош-Көл айылында катталды. Анда айдоочу рулду башкара албай жолдун четине чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.