Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мас абалындагы айдоочу инспекторду сүзүп кеткен. Маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
25-июль күнү саат 09:30 чамасында Тамчы айылынан Балыкчы-Каракол багытында BMW 525i үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерине токтобой кеткен. Бир аз убакыттан кийин Чолпон-Ата шаарында ЖККК постунда токтоткон Эрмек Алымканов аттуу инспекторду сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.
Балыкчы-Каракол жолундагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясынын бурулушунан BMW унаасынын айдоочусу 21 жаштагы Түп районунун тургуну Э.И. кармалган.
Натыйжада ЖККК инспектору Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы жакшы.
Айдоочуга карата Жазык кодексинин 355-беренеси "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталган. Айдоочунун баш коргоо чарасын райондук сот карап, эч жакка чыкпоо катынын негизинде үй камагына чыгарылган.
Медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочу мас абалда болгону аныкталган.