Катуу жааган жаандан улам пайда болгон сел коркунучуна байланыштуу Каракол суусуна жакын жайгашкан турак үйлөрдүн ээлери коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 27 турак үйлөрдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Мындан улам турак үйлөрдүн ээлерин көчүрүүгө 20 куткаруучу жана 4 офицер, ИИМден 40 кызматкер, транспорт кызматынан 2 спринтер тартылган. Жалпы 2 техника 64 адам.
Каракол шаарынын аймагында жайгашкан “ Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптоодо. Акыркы маалымат боюнча Каракол суусунун деңгээли ылдыйлап, нөөмөт алынды.