Жакыр өлкөлөрдөгү балдардын билим алуусун көздөгөн Бүткүл дүйнөлүк биргелешкен билим берүү фонду ачылды

Англиянын борбору Лондон шаарында түзүлгөн Бүткул дүйнөлүк биргелешкен билим берүү фонду дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүндөгү билим берүүнү колдоо үчүн 5 миллиард доллар акча топтоону пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган сумма Индия жана Кения өлкөлөрүнүн жетекчилигинде топтолот. Фонддун максаты дүйнөдөгү ар кандай себептерден улам мектепке бара албай жаткан 175 миллиондон ашык балага жардам көрсөтүү болууда.

Учурда Англия аталган фондго 430 миллион стерлинг (600 миллион доллар) которууну убадалады. Ал эми фондго жетекчилик кыла турган Австралиянын мурдагы президенти Жулия Гиллард англия менен биргеликте аталган саамалыкка катышуу ниетиндеги өлкөлөр өздөрүнүн жардамынын так суммасын айтышса, 5 миллиард доллардын кандай жол менен чогулары да белгилүу болорун билдирди. Ошондой эле, буга чейин дүйнөдө билим берүүгө жардам катарында мынчалык суммадагы акча чогулбаганын кошумчалады. Ал эми кыз-келиндердин билим алуусу темасында жүргүзгөн иштери үчүн "Нобель" сыйлыгын алган пакистандык Малала Йоусафзай өз сөзүндө аталган иш-чара кыздар үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. "Бул нерсе коомдогу ар кандай кысымдардан улам мектепке бара албай жаткан кыздар үчүн өзгөчө маанилүү. Учурда дүйнөдө 130 миллионго жакын кыз билим алууга мүмкүнчүлүгү жок жашоодо жашап жатышат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ayzhan12
2021-07-31 13:34:07
Билимсиз жаштар орой, жакыр жана бактысыз болушат. Билим адамды калыптандырат жана жеке сапаттар, өзүн өзү тарбиялоо, максатка умтулуу, толеранттуулук, жаңы маалымат булактарына ээ болууга жардам берет. Европада билим өнүккөн үчүн ушул даражага жетип олтурушат. Билим берүү адамга өзүнүн потенциалын ачууга, жаңы нерсени үйрөнүүгө, сабаттуу жана адептүү болууга жол ачат. Ошондуктан билимге гана умтулуш керек.
+1
Erlan_95
2021-07-31 14:38:35
ayzhan12, туура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан