Өлкөгө COVAX механизми алкагында коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жүктү тосуп алууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышты.
Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 миллион адам алган, ал эми Кыргыз өлкөсүндө бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган.
Кыргыз Республикасына COVAX механизми алкагында апрель айынан июль айына чейин жалпысынан 2 миллион 617 миң шприц жана коопсуз утилизациялоо үчүн 25 миң 800 бокс алып келинген. Мындан тышкары, ЮНИСЕФтин негизги фонддорунун жана GAVI муздаткычтар чынжырча жабдууларын оптималдаштыруу платформасынын колдоосу менен улуттук муздаткычтар чынжырын чыңдоо үчүн август айында вакциналар үчүн тоңдуруучу камералардын жана 86 аралаш муздаткычтын келүүсү күтүлүүдө.
Эске салсак, COVAX – COVID-19 каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча Глобалдык механизми 172 өлкөнү камтып, бир нече келечектүү вакциналар үстүндө иш алып барууда.